Долбоор жөнүндө маалымат
“Qlever” долбоору жөнүндө маалымат
Бул платформа «Борбор Азия жаштарынын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн көтөрүү үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук» (BRYCA долбоору) долбоору Европа Биримдигинин финансылык колдоосу астында өкмөттүк эмес уюмдардын тобу тарабынан ишке ашырылууда: IREX Europe (Франция), ММК колдоо борбору (Кыргызстан), MediaNet эл аралык журналистика борбору (Казахстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (Өзбекстан), жана “Гурдофарид” коомдук уюму (Тажикстан). Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү январь 2020 – декабрь 2022.
BRYCA долбоорунун максаты – сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн илгерилетүү жана Борбор Азия жаштарынын дезинформация менен мисинформацияга, ошондой эле онлайн кастык тилине каршы туруктуулугун бекемдөө болуп саналат. Долбоор эки компоненттен турат:
- QLEVER оюн платформасын иштеп чыгуу.
Qlever оюн платформасы – билим берүүчү жана көңүл ачуучу онлайн портал, ал Android операциялык системанын базасындагы санариптик каражаттар үчүн жеткиликтүү жана https://qlever.asia/ веб-сайтына Mozilla Firefox, Microsoft Edge, Safari, Opera браузерлерин колдонуу менен кирүүгө болот. Оюн экспериментибиздин максаты - Борбор Азия жаштарынын жеке туруктуулугу жана коопсуздуктары үчүн жалган маалыматтарды жана кастык тилин аныктай билүү жөндөмдөрүн жана методдорун бекемдөөгө жардам берүү.
Оюн платформасынын контенти долбоор жүрүп жаткан ар бир өлкөдө жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжаларына негизделди. Мындай мониторинг ар кандай формадагы жек көрүү менен айтылган билдирүүлөрдүн, жасалма маалыматтардын, манипуляция жана объективация мисалдарын аныктап турат: фактыларды туура эмес пайдалануу, жалган билдирүүлөр, жалган цитаталар, сүрөттөрдү/видеолорду/маалыматтарды туура эмес пайдалануу. Мындай мисалдарды жана мониторингдин натыйжаларын пайдалануу бир гана билим берүүчү оюндарды иштеп чыгууда гана ишке ашат жана ар бир өлкөнүн мыйзамдарына каршы келе турган башка эч кандай максатты көздөбөйт.
- Кастык тилине, дезинформацияга каршы туруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында медиасабаттуулук боюнча билим берүүчү материалдарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
Бул компоненттин алкагындагы ишмердүүлүк IREX Europe , ММК колдоо борбору жана MediaNet уюмдарынын Медиа Сабак (https://mediasabak.org/ru/) онлайн платформасын жана бир нече медиа маалыматтык сабаттуулук (ММС) боюнча колдонмо адабияттар иштеп чыгуу боюнча тажрыйбаларына негизделген. Тактап айтканда, бул долбоордун алкагында ММС боюнча иштелип чыккан колдонмо адабияттар шайкештирүү жана аярлуу катмардагы жаштарга даректелген адабияттарды иштеп чыгуу болжонууда. Мындан тышкары, биз МедиаСабак платформасын жаңы материалдар менен толуктайбыз, алар беш тилде жеткиликтүү болот (орусча, казакча, кыргызча, өзбекче, тажикче). Платформа студенттерге, мугалимдерге, китепканачыларга, билим берүү жаатындагы кеңири алкактагы ишмерлерге жана башка кызыккан адамдарга багытталган.
Долбоор туурасында дагы кененирээк маалыматты BRYCA фэйсбук расмий баракчасынан @BRYCACentralAsia алууга болот. Кошумча маалыматты алуу үчүн төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылыңыздар:
IREX Europe:
Flora Graioni, Deputy Director
Email: fgraioni@irexeurope.eu
Maira Zeinilova, Project Manager
Email: mzeinilova@irexeurope.eu
Казахстан,
Алена Кошкина, Медиасабаттуулук боюнча программанын жетекчиси
MediaNet эл аралык журналистика борбору
эл. почта: info@medianet.kz
Телефон: +7 727 292 20 46
Кыргызстан:
Урмат Каныбеков, QLEVER оюн платформасынын координатору
МКК колдоо Борбору
эл. почта: urmаt.msc@gmail.com,
Телефон: +(996) 701 753 837
Тажикистан:
Фарход Маджидов, QLEVER оюн платформасынын координатору
БӨУ «Гурдофарид»
эл. почта: qlever.tj@gmail.com
Телефон: +992(92) 5558484
Өзбекстан:
Эмиль Фахреев, QLEVER оюн платформасынын координатору
Өзбекстан Республикасынын заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору
эл. почта: uzb.qlever.game@gmail.com
Телефон: +998 (99) 780-04-45 (телеграм)