Факттарды текшерүү Эл аралык күнүнө карата конкурс жарыялайбыз!
Эмне кылуу керек?
?Сенин алдыңда 10 билдирүү берилген, алардын кайсынысы чын экенин тап.
?Төмөндөгү викторинаны ачып, өз жоопторуңду калтыр.
Кеттик анда ?
1. АКШда стриминг сервистери (Netflix, Disney+, Hulu) биржа жөнүндөгү фильмдерден арылып жатат (Волк с Уолл-стрит)
2. Тайванда жүздөгөн адамдар бекер суши алуу үчүн өз аттарын "лосось" деп алмаштырышты.
3. Билл Гейтс синтетикалык эттин жардамы менен Жер шарынын жашоочуларынын санын кыскартууну көздөйт.
4. Nike логотиби менен таманында адамдын каны бар кроссовкалардын чектелген партиясы чыгарылды.
5. Медициналык беткаптардан буу жана ным болгондо кыймылга келе турган курттарды табышты, алар дем алуу органдарына кирип, коронавирус жугузат.
6. Адистер СOVID-19 вирусуна карата ПЦР-анализ үчүн биоматериалдарды алуу методу балдардын мээсин жабыркатып алуу коркунучун көбөйтөт деген бүтүмгө келишти.
7. Дезинфекция үчун колдонулчу каражаттар абдан уулуу жана адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирет.
8. Бавариянын премьер-министри Маркус Седер кеминде жетип жолу камера алдында коронавируска каршы вакцина алды.
9. Эң жакыр өлкөлөрдүн бири Конгодо 90% алтындан турган тоо табылды.
10. COVID-19 вакциналарында чип катары иштеген оор металлдар бар.
Бардык туура жооп бергендерге 20⭐ белек кылабыз.
Биздин тапшырманы туура аткарган биринчи 20 оюнчу 40 ⭐алышат