А сен билчү белең, тарыхтагы эң чуулгандуу уурулук 2013-жылы болгон, анда Yahoo компаниясынын 1 миллиарддан ашуун жеке аккаунттарынын жеке маалыматтары уурдалган. Же болбосо, 2020-жылы 123456 паролу 2,5 миллион жолу колдонулганын билчү белең, мына ушул себептен аталган пароль NordPass пароль менежеринин версиясы боюнча эң начар паролдордун ТОП-10дугунан татыктуу түрдө орун алган. Булардын бардыгы жөнүндө биз сага “Кызыктуу” бөлүмүндөгү макалаларда айтып бергенбиз, эми алардын жардамы менен жылдызчаларды утуп алууга убакыт келди.?
Qlever командасы “Киберкоопсуздук фактылары жөнүндө” аттуу сынак жарыялайт! Биздин тапшырмаларды биринчилерден болуп аткарган 20 оюнчу 100 жылдызча алат. Калган оюнчулар ийгиликтүү тапшырмаларды аткарып бүтүшсө 50 жылдызчага ээ болот.
Бул үчүн эмне кылуу керек?
- Көңүл коюп окуп, “Кызыктуу” бөлүмүндөгү төмөнкү макалаларды жакшылап изилдеп чык:
- Аккаунтту коргоо методу – эки факторлуу аутентификация
- Аккаунтту коргоо методу – ишенимдүү пароль (сыр сөз)
- Резервдик көчүрмөлөр: Бэкаптарды кантип туура жасоо керек?
- Киберкоопсуздук. Коркунучтардын түрлөрү
- Ал макаланын викторинасынын суроолоруна жооп бер?
P.S. Викторина биздин платформага катталгандар үчүн гана ачылат.
Кеттик анда! ??